Чүйдө чоң атасын балка менен башка чаап өлтүрүп, камыштардын арасына таштап кеткенге шектелип небереси кармалды

Чүйдүн Аламүдүн районунда чоң атасын өлтүрүүгө шектелип небереси кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

2021-жылдын 6-март күнү Аламүдүн РИИБинин Ленин айылынын 70 жаштагы жашоочусу К.А. унаасы менен дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон жарандын үйүнө барышып, териштирүү учурунда анын үйүнүн алдында чакан кафе иштегени жана жоголгон жаранды акыркы жолу ошол кафедеги эс алуучулар менен бирге отурганын көргөндөр болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кароо жүргүзүү учурунда ошол кафенин айланасынан кан болгон жерлер табылып, ыкчам кызматкерлери кылмыштын изине түшүшкөн.

Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон жарандын 18 жаштагы небереси К.С. кылмышка тиешеси бар деген шек менен РИИБдин имаратына жеткирилген.

"5-март күнү кечинде небереси менен чоң атасынын ортосунда пикир келишпестик жаралып, небереси аны уруп жиберген. Соккудан улам чоң атасы жерге жыгылып, эсин жоготуп калган. Анын дем албай жатканын көргөн небереси балка менен башка чаап, кылмышты жаап жашыруу максатында жансыз денени унаага салып алып, Аламүдүн районунун айылдарынын бириндеги камыштардын арасына таштап, унааны жууп, ошол эле айылга унааны да таштап кетип калган.

Милиция кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон адамдын жансыз денеси жана машинасы табылып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан