Экватордук Гвинеянын эң ири шаары Батадагы казармада болгон жарылуу 98 адамдын өмүрүн алды. Жаракат алгандардын саны 615ке жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Атайын күчтөр жана аскерлер турган Нкоа Нтома казармасында төрт жолу ири жарылуу болгон. Кырсыктын кесепетинен казарманын жанындагы көптөгөн үйлөр талкаланып, адамдар урандынын астында калышкан.
Өлкөнү 42 жылдан бери башкарып келе жаткан президент Теодоро Обианг жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде кырсык динамит жана ок-дары кампаларына жооптуу бөлүмдүн шалаакылыгынан улам болгонун билдирген.