Биз социалдык тармакта

"5-октябрда жаракат алгандарды президент эмне себептен кабыл албай жатканын билгибиз келет". "Кыргыз Үмүтү" бирикмеси Садыр Жапаровго кайрылды

"Кыргыз Үмүтү" коомдук бирикмеси президент Садыр Жапаровго кайрылды. Бул тууралуу аталган коомдук бирикменин жетекчиси Саламат Алмазбек уулу билдирди.

Анын айтымында, 5-октябрдагы окуяларда жаракат алган балдарды президент эмне себептен кабыл албай жатканын билүүнү каалашат.

"Президентке кайрылуубуздун себеби, октябрь революциясында жаракат алган (көзүнөн, колунан айрылып калган) балдар бар да. Жабыркагандарды дарылоого жана реабилитациялоого кеткен материалдык чыгымдарды толугу менен жабууну камсыз кылууну, курман болгон жарандын туугандарына материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтурууну талап кылабыз.

Садыр Жапаров президент боло электе люстрация кылабыз деп сөз берди эле. Биз ал жерде эч кандай баатырдык кылабыз деген максатта болгон эмеспиз. Октябрь окуясына юридикалык баа берилип, революция деген статус берилүүсүн талап кылат элек. Тилекке каршы, аталган окуяда кан төгүү орун алды. Бирок чындык чыркырып эле калып калды.

Биз учурда 5-октябрда жаракат алган балдарды президент Садыр Жапаров эмне себептен кабыл албай жатканын билгибиз келип жатат. Кат түрүндө кайрылуубузду 12-февралда жөнөткөнбүз, азырынча жооп келе элек.

Ок аткандарды жана ок аттыргандарды жоопко тартуу боюнча Генералдык прокуратурага, УКМКга жана башка инсандардын аттарына кат аркылуу кайрылганбыз", - деп билдирди "Кыргыз үмүтү" коомдук бирикмесинин жетекчиси Саламат Алмазбек уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bond0202
2021-03-09 18:51:17
Митингке чыккандарды сыйлап журуп ушул акыбалга келдик.кун сайын митинг болуп атат ар кимдин акчасын алып алышып.ким чыкса камаш керек россиядай кылып
+8
bessmertiy
2021-03-09 19:18:50
bond0202,камамак турсун атыш керек. Тынчтык керек. Тартип керек.
+9
Nur-sultan
2021-03-09 20:36:33
Булар Садырды түрмөдөн чыгарабыз деп чыгышкан эмес аянтка. Тополоң болуп кетсе магазин тонойбуз деген морадерлор. Президент эмнеге кабыл алмак эле
+6
tihonkg
2021-03-10 08:03:20
силерге окшогон ууру мородерлорду ит аткандай атып жок кылыш керек, кылганын милдет кылып же силерди бироолор барып кылгыла дедиби акмактар
+3
DanilAylin
2021-03-10 19:29:19
эмнеге кабыл алыш керек



+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан