Биз социалдык тармакта

Базар-Коргондо "Мал ууру" аталышындагы иш-чарасында бир кылмыштын бети ачылып, дайынсыз болуп жаткан өспүрүм табылды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБи тарабынан жүргүзүлгөн «Мал ууру» аталышындагы иш-чарасы учурунда бир кылмыштын бети ачылып, дайынсыз болуп жаткан өспүрүм табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-марттан 9-мартка чейинки күндөрү райондун аймагында мал уурулукка байланышкан кылмыштарды болтурбоо боюнча атайын ыкчам-иликтөө жана алдын алуу иш-чаралары уюштурулду.

Иш-чара РИИБдин криминалдык милиция кызматынын, милициянын участкалык кызматкерлери жана кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлүп, натыйжада мал-жандык ташып алектенген - 58 айдоочу менен түшүндүрүү иштери өткөрүлүп, тийиштүү каттоолорго алынды.

Иш-чаранын алкагында, криминалдык милиция кызматынын оперативдүү кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон өспүрүмдүн жүргөн жери аныкталып, Бишкек шаарында жүргөн ата-энесине өткөрүп берилди. Ал эми мал уурулук фактысына шектелген жаран Бишкек шаарынан кармалып, тергөө кызматына өткөрүп берилген. Бул иш-чара облустун башка аймактарында да жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан