Грета Тунберг Жо Байдендин экологиялык саясатын сынга алды

Швециялык 17 жаштагы активист Грета Тунберг АКШнын президенти Жо Байдендин экологиялык саясатын сынга алды. Маалыматты дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Тунберг АКШ бийлиги климаттын өзгөрүшүн көйгөй катары эмес, саясий маселе катары карашат деп айткан. Анын айтымында, Байдендин администрациясы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жетиштүү иш алып барбайт.

Февраль айында АКШ расмий түрдө Париждеги климаттык келишимге кол койгон. Анда Байден жакынкы жылдары абага бөлүнүп чыккан зыяндуу газдарды кескин кыскартууга убада берген.

Октябрда Тунберг америкалыктарды Байденге добуш берүүгө үндөп, АКШда боло турган шайлоо жогорку мааниге ээ экендигин баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан