8-март майрам күнү ала качып кеткен. Бишкекте кыз ала качууга шектелип 31 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте кыз ала качууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-мартта болжол менен саат 19:50 чамасында “102” кызматына Ак-Өргө жаңы конушунун Курманжан-Датка көчөсүнөн кыз ала качып кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 175-берене "адамды никеге туруу максатында уурдоо" негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барганда 1996-жылы туулган С.А. аттуу кызды анын чала таанышы эркине каршы үйлөнүү максатында ала качып кеткендиги белгилүү болгон. Издөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Н.Р. аттуу жаран кармалып, Ленин РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп берилди", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nina.alex
2021-03-09 19:02:04
32ге чыгып калыптыр. Чон эле киши экенго. Нормально эле уйлонсо болмок
+2
nazira...
2021-03-09 19:25:19
Изи сууй электе деп аябай чооон кылмыш кылгандай болуптур го э. Кызга жакса калтырып эле койгула эми, ал деле 25ке чыгып калыптыр, бактылуу болуп жашап кетишеттир.
+5
Sajakat14
2021-03-10 09:49:51
nazira...,өзүңөрдүн кызыңарды тоок уурдагандай ала качып кете беришсин анда! Адамды уурдоо кылмыш!
0
Omyke
2021-03-09 22:07:34
Ала качууга каршы чыгып кыздарыбыз журот корунгон жерде же эрге тийбей Кара лады болуп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан