Куралдуу жихадды уюштурушмак. "Эл аралык террордук уюм" бандиттик тобунун мүчөлөрү кармалды

Эл аралык террордук уюм бандиттик тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-мартта адам өлтүрүүгө даярдануу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, террордук иш-аракеттерге катышкан Кыргыз жарандары жана чет мамлекеттин жарандарынын бандиттик тобунун ишине бөгөт коюлду.

"Такталгандай, Сирия аймагындагы Эл аралык террордук уюмдардын башчысынын координациялаган топтун иш-аракеттерин нейтралдаштырууда, алардын максаты коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу, андан кийин Кыргыз өлкөсүнүн аймагында куралдуу жихадды жайгаштыруу болгон.

Бандиттик топтун айрым мүчөлөрү ЭТУ лагерлеринде атайын күжүрмөн даярдыктан өтүшкөн. Жаранды диний негизде өлтүрүү үчүн колго жасалган жарылуучу зат жана ок атуучу куралды колдонуу менен ишке ашырылышын пландаштырышкан. Кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрү УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн түзүү жана тартуу боюнча иликтөө иш-чаралары уланууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
AdylbekB84
2021-03-09 20:16:30
Урматтуу супердин журналистери бул жака жазганым үчүн кечирим сураймын, башка сайттардан окуп калдым эле, паспорт берүү күзгө чейин токтоду деп, чет жакта жүргөн мигранттар посольствого барса сентябрьга чейин узартып берет деп ушул чын бекен, ушул боюнча Кыргызстандын Россиядагы посольствосунан билип бергилечи, себеби паспорт алабыз деп кезек күтүп жаткандар өтө көп болуп жатат.
0
Гүлзина Каныбекова
2021-03-09 20:29:21
AdylbekB84, тактап беребиз.
+2
admin_media
2021-03-10 10:22:07
AdylbekB84,Саламатсызбы? Сурооңузга жооп алып бергенге аракет кылабыз.
0
Nur-sultan
2021-03-09 20:32:37
Буларга сын айтсаң "теңирчи" болуп төө бастыда каласын...
-1
Mister-XXX
2021-03-10 01:48:18
Nur-sultan,Хизбутчу же башка агымдарга кошулган адамдарды бөлүп айткыла.Жөнөкөй намаз окуп,эч кандай агым,уюмдарга кошулбаган,салттуу динди колдонгон мусулмандарга сөз тийип жатат.Не дейбиз буларды "кой терисин жамынган карышкырларга"окшотобуз.Динде адам өлтүрүү жок.
Жихад деген жок.Жихад деген согуш.Эгер мусулман өлкөгө башка өлкө кол салса,Мекенди коргоо жихад болуп эсептелет.Күнөөсүз адамдарды өлтүргөндөр террорист болуп эсептелет.Террорист деген бир гана мусулмандарга гана ти
0
Mister-XXX
2021-03-10 01:50:41
Nur-sultan,Австралияда мечитте мусулмандарды аткан жаранды да террорист деп баалаган.Ошон үчүн террорист,жан кечти дегенди мусулмандарга гана тиешелүү деп санаган туура эмес.
0
bond0202
2021-03-10 15:02:40
Кинодогу эле моджахедтер го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан