Бишкекте майрам күндөрү 45 айдоочу мас абалда унаа башкарган

Бишкекте майрам күндөрү 45 айдоочу мас абалда унаа башкарган. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-март күнүнө карата жол кырсыктарынын алдын алуу, коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында 6-7-март күндөрү атайын профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Жалпысынан 2 миң 212 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен:

1) Мас абалында унаа башкаруу - 45;

2) Унааны атайын караңгылатуу (тонировка) 4;

3) Айдоочуга жана унаага тиешелүү документи жок унаа башкаруу 34;

4) Башка жол эрежелерин бузуу 2 миң 129.

Ошондой эле 184 унаа жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулганын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан