Кызыл-Кыяда тымызын баңгизат сатып жүргөн жаран кармалды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында баңгизатты тымызын сатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, мыйзамсыз даярдоо" беренесинин негизинде жүргүзгөн тергөө иштеринин натыйжасында, Кызыл-Кыя шаарынын 33 жаштагы Р.М аттуу тургундун жанынан өзгөчө жыты бар, жалпы салмагы 3 граммга жакын болгон "гашиш" наркотикалык зат табылган. Аны сураганда Кызыл-Кыя шаарынын 57 жаштагы И.В. аттуу тургундан алгандыгын билдирген.

"Милиция кызматкерлери Кызыл-Кыя шаарынын 57 жаштагы И.В. аттуу тургундун үйүнө тинтүү жүргүзгөндө, 8 даана целлофан баштыкка оролгон өзгөчө жыты бар, күрөң түстөгү жалпы салмагы 69,5 грамм болгон зат табылган. Табылган затка экспертиза дайындалып, анын корутундусунда наркотиканын “гашиш” түрү экендиги аныкталган. Кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан