Эртең, 10-мартта электр-техникалык оңдоп-түзөөгө байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу "Унаа" мамлекеттик ишканасынын Төмөнкү Ала-Арча айылындагы Школьный көчөсү, 7А дарегинде жайгашкан Аламүдүн аймактык бөлүмү жабык болот. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бөлүмдүн имаратында электр жабдууларын жаңылоо, жакшыртуу иштери жүргүзүлөт. Ал эми "Түндүкэлектр" ишканасы бул иштерди жасоону эртең мененки саат 9:00дөн кечки саат 17:00гө чейин жүргүзөт.
"Жарандар кызмат алуу үчүн Чокан Валиханов көчөсү, 2А дарегиндеги "АЮ-Гранд" соода борборунун имаратында жайгашкан Калкты тейлөө борборуна, Аймактар аралык каттоо секторунун Военно-Антоновка айылындагы "Риом-авто" базарында жайгашкан Бишкек шаардык бөлүмүнө кайрылууга болот", - деп жазылат маалыматта.
Мамлекеттик каттоо кызматы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жагдайды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.