Чүй облусунун Москва районунун аймагындагы мүрзөдөгү темир тосмолорду уурдоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, март айынын башында Москва РИИБинө мүрзөдөгү темир тосмолорду белгисиз бирөөлөр уурдап жатканы боюнча бир нече жаран арыз менен кайрылган.
Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене "уурдоо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
"Милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 19, 20 жана 21 жаш курактагы төрт бала кармалган. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында Москва районунун аймагында темир тосмолорду уурдоо боюнча 7 фактыга тиешеси бар экендиги такталган. Кармалган жарандар тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.