Токтогулда Узун-Акмат суусуна түшүп кеткен жаран изделүүдө

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Узун-Акмат суусуна түшүп кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-март күнү саат 23:00 чамасында Терек-Суу айылында 1991-жылы туулган эркек адам Узун-Акмат суусуна түшүп кеткен.

Кырсык болгон жерге издөө иштерин жүргүзүү үчүн Токтогул райондук куткаруу кызматы, ИИМ жана жергиликтүү тургундардан 17 адам тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери саат 19:15те убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 10-март күнү улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tynchtykbek8484
2021-03-10 13:51:23
Бүгүн табылды, ата-эне бир туугандарына сабыр тилейм,жайы жаннаттан болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан