10-мартта Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 2:00дө Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын алгачкы жооптук оюндары өттү.
"Боруссия Дортмунд" (Германия) - "Севилья" (Испания);
"Сигнал Идуна Парк" стадиону (Дортмунд шаары, Германия).
Голдор: 1:0 – 35 Холанд, 2:0 – 54, пенальти Холанд, 2:1 – 68, пенальти Эн-Несири, 2:2 – 90 Эн-Несири.
Эки жолугушуунун жыйынтыгында 5:4 эсебинде "Боруссия Дортмунд" командасы "Севилья" командасын жеңип, кийинки баскычка жолдомо алды.
"Ювентус" (Италия) - "Порту" (Португалия);
"Альянц Стэдиум" стадиону (Турин шаары, Италия).
Голдор: 0:1 – 19, пенальти Сержиу Оливейра, 1:1 – 49 Кьеза, 2:1 – 63 Кьеза, 2:2 – 115 Сержиу Оливейра, 3:2 – 117 Рабьо.
Эки жолугушуунун жыйынтыгында, эки команданын голдору бирдей 4:4 болду, бирок Порту командасы конокто 2 гол киргизгени үчүн кийинки баскычка өттү. Ошентип Ювентус командасы 1/4 финалга чыккан жок. Ал эми Криштиану Роналду болсо 16 жылдан бери биринчи жолу 1/8 финалда гол киргизе алган жок.