Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагында жайгашкан Буйга айылындагы мектеп толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы аянты 350 чарчы метр болгон Ж.Абидинов атындагы орто мектеп толугу менен күйгөн.
Өрттүн себеби такталууда.