Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнүн бирине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин агасынын атын берүү сунушталды

Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бирине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Каныбек Ташиевдин ысымын берүү сунушталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-мартта Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы өтүп, анда шаардын көчөлөрүнүн аталыштарын өзгөртүү маселеси каралган.

Жыйында депутаттар Ташиевдин туугандары жана шаар тургундары Пушкиндин ысымын алып жүргөн борбордук көчөгө Каныбек Ташиевдин атын берүүнү сунушташканын айтышкан.

"Депутаттык комиссия бул сунушту кабыл албай, көчөнүн аты өзгөртүлбөй турган болду. Кийинчерээк дагы каралышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Каныбек Ташиев Кыдыршаевич 2020-жылы 21-июлда 57 жаш курагында көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Suior85
2021-03-10 12:31:52
Кошоматчылыктын дагы чеги болот да эми
+12
Mirlan27011987
2021-03-10 12:32:19
Кыргыздар жогорку кызматты ээлеп калган адамга кошомат кылганды жакшы оздоштургон экенбиз. Качан бир кошомат менталитетинен кутулабыз. Башка ат жок бекен, ошол кочого татыктуу кыргыздын адабият, жазуучу, маданият инсандары.
+8
KaGaH
2021-03-10 12:36:04
Камчыке туалетке барганда кагаз колдонбой эле койсоңуз болот эми )))бир кошоматчы кошулуп кирсе тазалап коёт
+11
Liliia
2021-03-10 14:08:06
Кочонун атын окуп башка жактан келгендер бул киши КИМ БОЛГОН десе жооп берип турат экенбиз да" бул деген ооо президенттин досу,УКМКнын жетекчиси Ташиевдин АКЕСИ болгон, ошого кочонун атын кошомат кылып ушундай койдук"деп
+10
Asmat84
2021-03-10 16:01:57
Liliia, туура айтасың андан көрө Элмирбек Иманалиевдин атын койсо деле жарашмак
+4
algakaray
2021-03-10 18:35:05
Камчы бийликтен пайдаланып атайы койойун деген ойу бар балким. Ылдыйкыларга намек кылып койду анан алар жугуруп атат да.
+2
jengoo
2021-03-10 21:15:25
Камчыке сиз Манас атанын ордуна Манас болдунуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан