Биз социалдык тармакта

Өлкөдөгү уюмдар 1-апрелден тартып салык отчётун электрондук түрдө берүүгө милдеттүү

Өлкөдөгү уюмдар 2021-жылдын 1-апрелинен тартып салык отчётун Salyk.kg "жеке кабинети" аркылуу электрондук түрдө милдеттүү берүүгө өтүшөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Мамлекеттик салык кызматы уюмдарды Salyk.kg "жеке кабинетине" кирүү мүмкүнчүлүгүн акыркы күнгө калтырбастан алдын ала алууга чакырат.

"Бул үчүн Salyk.kg сайтында маалымат системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү, калыбына келтирүү жөнүндө арыздын бланкын толтуруп, басып чыгарып, катталган жери боюнча салык органына берүүсү жетиштүү.

"Жеке кабинетке" кирүүгө мүмкүнчүлүк алуу менен отчёт берүүгө, ошондой эле башка салыктык онлайн кызматтардан акысыз пайдаланууга болот", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан