Бишкекте бир эле ооруканада 164 бала пневмониядан дарыланууда

Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда пневмониядан 164 бала дарыланып жатат. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Камчыбек Узакбаевге байланышканыбызда белгилүү болду.

Анын айтымында, учурда 164 баланын ичинен төртөөнүн абалы салыштырмалуу оор.

"Азыркы учурда биздин борбордо пневмониядан 164 бала дарыланып жатат. Алар жаңы төрөлгөн наристелерден тартып 17 жашка чейинки өспүрүмдөр. Анын ичинен вирустук пневмониядан 54 бала, бактериалдык пневмониядан 110 бала дарыланууда. Учурда 4 баланын абалы салыштырмалуу оор, калгандарынын абалы жакшы", - деди Камчыбек Узакбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан