Бишкекте "бирөөнүн велосипедин тартып алды" деп шектелип эки адам кармалганы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан кабарланды. Борбор шаардын Дэн Сяопин көчөсүнөн 10-октябрда саат 20:25 чамасында баш калаанын 24 жаштагы К.Ж. аттуу тургунунун велосипедин бейтааныш эки адам күч колдонуп тартып алышыптыр. Жабырлануучу милицияга кайрылып, укук коргоо кызматкерлери тарабынан изи сууй электе Бишкектин 2 жараны шектелип кармалды. Алар 28 жаштагы И.Т. жана 26 жаштагы М.Б. Бул кылмыш боюнча тергөө жүрүүдө.