Нарында тыюу салынган уюмдун мүчөлөрү өз ыктыяры менен андан баш тартышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети диний-экстремисттик жана террордук уюмдарды аныктоо, бөгөт коюу жана алардын ишмердүүлүгүнүн алдын алуу алкагында, Жумгал районунда Нарын аймагындагы диний кырдаал боюнча жалпы түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.
Диний экстремизмге каршы туруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Якын-Инкар” диний-экстремисттик кыймылынын ишмердүүлүгүнө айрым жашоочуларды тартуу иштери аныкталды.
2021-жылдын 27-февралында облустук казыяттын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында, Кыргыз жарандары К.Ш., Э.А. жана Б.Б. өз жаңылыштыгын эл алдында моюнга алып, динге ишенгендерди жана экстремисттик көз карашты колдогон башка мүчөлөрдү исламдын негизинде гана аткарууга чакырды, ошондой эле бул экстремисттик кыймылдын иш-аракеттеринен мындан ары катышуудан өз ыктыяры менен баш тартышты.
УКМК тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча иш-чараларды улантууда.