АКШ Улуттук фтизиатрия борборуна 24 миллион сомдук медициналык керебеттерди тапшырды

АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборуна медициналык керебеттерди тапшырды. Бул тууралуу АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, аталган агенттик Улуттук фтизиатрия борборуна 24 миллион сомдук жаңы керебеттерди тапшырды.

"Жаңы коюлган керебеттер кургак учук менен узак убакытка дарыланып жаткан бейтаптар үчүн ыңгайлуу шартты түзүп берет" деди Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Болот Майканаев.

"Бул керебеттер мурункуга салыштырмалуу жакшы. Бел оорубайт жана уктоо дагы жагымдуу. Керебеттер бейтаптар үчүн атайын жасалган", - деген бейтаптардын бири.

Улуттук фтизиатрия борбору - өлкөдөгү кургак учукту дарылоо үчүн эң негизги оорукана. Борбордо 350 бейтап бир убакта дарылана алат. Жыл сайын аталган борбордо 2 миң 200гө чукул адам дарыланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан