Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Доскулу айылынын кире беришине эл топтолуп, нааразычылыктарын билдирип, жол тосуп жатышканы боюнча интернетке видео тараган. Анда чогулгандар түндүк-түштүк альтернативдик жолуна кирген Жумгал районунун жолун оңдоо талабын айтып чыгышкан.
Ал эми Нарын ОИИБи бул боюнча жол жабылбагандыгын билдиришти.
"10-март күнү Жумгал районунда 50гө чукул жергиликтүү тургун чогулуп, жол маселелери боюнча нааразычылыгын билдиришкен. Ал жакка Нарын облустук жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү барып, жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактап турушту, эч кандай тартип бузуу фактылары катталган жок. Азыркы учурда жол толугу менен ачык", - деп жазылат маалыматта.