"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында "Этегине намаз окуу" фразеологизминин маанисине көңүл бурабыз. Себеби эл арасында бул сөз айтылганы менен көпчүлүк маанисин биле бербейт эмеспи. Аталган фразеологизмдин маанисин Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин улук окутуучусу Айгүл Табалдиева айтып берди.
Этегине намаз окуу - бирөөгө сыйынуу, айткан-дегенинен чыкпай көзүн кароо, көшөкөрлөнүү, кошомат кылуу, кулдук уруу. Мисалы: