Нарында аскадан кулап кеткен адамдын сөөгү табылды
10-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын шаардык куткаруучулары аскадан кулап кеткен Кубанычбек Субановдун сөөгүн табышып, туугандарына өткөрүп беришти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Эскерте кетсек, Ак-Талаа районунда 9-октябрда Тоголок-Молдо айылынын тургуну, 1962-жылы туулган Кубанычбек Субанов Кайыңды-Булак тоосунда аскадан кулап кетип изделип жаткан.