Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айылдардын биринде өз бир тууган таякесин уруп, короого алып кирип тепкилеп, унаасы менен атайын тебелетип өлтүргөн жаранды сот 8 жыл 2 айга эркинен ажыраткан. Бирок айыпталуучу апелляциялык даттануу менен кайрылып, камактан бошотулду. Өкүм Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.
Окуянын чоо-жайы:
Окуя 2020-жылдын 26-июнунан 27-июнга караган түнү Сузак районуна караштуу айылдардын биринде болгон. Анда С.И. аттуу жаран бир тууган 1960-жылы туулган У. аттуу таякеси менен өз ара пикир келишпестиктен айтышып урушуп кетишип, ага карата зомбулук кылуу максатында анын мас абалынан пайдаланып бети, башына уруп, короого алып чыгып тепкилеп жыгылтып, атайын денесине оор жаракат келтирүү максатында унаасы менен атайылап тебелетип, оор жаракат келтиргендин негизинде ал каза болуп калган.
Айыпталуучу С.И. 1988-жылы Ноокен районунда туулган. Кыргыз жараны, билими 4-класс, үй-бүлөлүү 6 баланын атасы, эч жерде иштебейт. Учурда Сузак районунун айылдарынын биринде жашайт.
Соттук отурумда айыпталуучу күнөөсүн моюнга алган эмес.
"Мен маркум таякемди урган эмесмин. Болгону байкабай калып, мас абалда болгон таякемди кокусунан унаам менен тебелетип алдым", - деп билдирген айыпталуучу өз көрсөтмөсүндө.
Жабырлануучу тарап элдешип алгандарын айтып, тосмо арыз жазып берген.
"Биздин тууганыбызга карата эч кандай дообуз жок, тосмо арыз жазып бердик. Өз ара элдешип алганыбызды эске алып айыпталуучуну токтоосуз бошотуп бериңиздерди суранабыз", - деп билдиришкен алар.
Соттук териштирүүдө маркумду айыпталуучу унаасы менен тебелетип алып денесине залал келтиргенден кийин маркумдун ооруканага барып дарылануудан баш тартканы, бир тууган карындашы Д.Н. айыпталуучу менен бирге үйүндө каралашып жүргөнү аныкталган. Качан гана маркум эсин жоготуп сүйлөй албай калганда айыпталуучу менен унаага салып алып ооруканага алып барышканы, бирок маркум ооруканага жеткенге чейин каза болуп калгандыгы белгилүү болгон.
Ал эми дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, маркум У. денесине оор жаракат алып, анын негизинде каза болгондугу аныкталган.
Өкүм: