Биз социалдык тармакта

Кара-Кулжадагы күйүп кеткен мектептин окуучулары үйдө жана айылдагы мечитте окуйт

Кара-Кулжа районунун Чалма айыл өкмөтүнө караштуу Буйга айылындагы Жумабай Абидинов атындагы мектептин имараты толугу менен күйүп кетти. Маалыматты Чалма айыл аймагынын башчысы Чолпонкул Алишев тастыктады.
Айыл башчынын айтымында, өрт 10-март күнү түнкү саат 03:00 чамасында чыккан. Техникалык инспекция өрт электр чубалгыларынан чыккан деп болжолдоп жатат.
"Мектепте 103 окуучу окуйт. Имараттын салынганына көп болгону үчүн эскилиги жетип калган. Буга чейин мектеп жетекчилиги жогорку жактарга жаңы мектеп салуу тууралуу кайрылып жатышкан. Мындан ары балдар ыктыярдуу түрдө үйүн берген жергиликтүү тургундардын үйүндө жана айылдагы мечитте окуп турушат. Өрттү биринчи байкаган айыл тургундары мектептеги парта, отургучтарды алып чыгууга үлгүргөн. Бирок китеп, журнал ж.б окуу куралдары өрттөнүп кеткен. Бүгүн кечке ошол жакта болдук",- деди ал.
ӨКМнын басма сөз кызматы 10-март күнү Кара-Кулжа районунун Буйга айылында жалпы аянты 350 чарчы метр болгон мектеп толугу менен күйүп кеткенин маалымдаган. ӨКМга таңкы саат 04:16да кабар түшүп, жалын саат 08:25те толук өчүрүлгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан