Биз социалдык тармакта

Жылуу кийиниңиз. Эртеңкиге карата аба ырайы

Эртең, 11-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар, Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан, кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз +4…+9;

Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз +2…+7;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +2…+7, күндүз +7…+12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +4…+9;

Нарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -16…-21, күндүз -5…-10 градус болот.

Бишкекте жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз +7…+9 градус.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан