Баасы 60 миң сом. Баткенде мал уурдоого шектүү жаран кармалды

Баткен облусунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-февралдан 1-мартка караган түнү Баткен районунун Чек айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда мал сарайынан белгисиз адамдар базар баасы 60 миң сомдук бир баш уюн уурдап кеткендигин жазган.

Бул арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене "уурулук" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында Баткен районунун Кара-Булак айылынан бирөөнүн үйүнө башка бирөөгө сатуу максатында байлап койгон жеринен Баткен шаарынын 23 жаштагы А.Ч. аттуу тургуну кармалган. Уурдалган мал өз ээсине кайтарылып берилгенин кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан