Ысык-Көлдө баӊгизат менен уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

Ысык-Көл облусунда баӊгизат менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турган Бактуу-Долоноту айылынын 46 жаштагы тургуну О.А. колго түшүрүлдү.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин 268-берене "баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, максатсыз, мыйзамсыз даярдоо" боюнча кармалган.

"Аталган кылмышка шектүү О.А.нын үйүндө санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында полиэтилен баштыгына салынган, жапайы кендирдин жыты бар күрөӊ-жашыл түстөгү зат таап алынган. Көзөмөлдүк өлчөө учурунда алынган заттын салмагы 750 граммды түзгөн. Соттук-химиялык экспертиза дайындалды. Тергөө амалдары уланууда", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан