Бишкек шаарындагы ачылган бала бакчаларга 3 миң 43 бала барып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тайпалар 10 баладан өз-өзүнчө топко бөлүнүп тарбияланып, санитардык нормалар сакталат.
"Бүгүнкү күндө Бишкекте 77 бала бакча иштеп жатат, 12си оңдолууда. Мэриянын Билим берүү башкармалыгы күн сайын балдардын саны боюнча мониторинг жүргүзүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин 9-марттан тарта бала бакчага мектепке даярдоочу жана жогорку тайпаларга гана барууга уруксат берилген. Ошондой эле атасы же энеси жалгыз тарбиялаган бөбөктөр биринчи кезекте кабыл алынары айтылган.