Биз социалдык тармакта

Эртең Бишкектин көпчүлүк аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт (тизме)

Эртең, 11-мартта Бишкектин көпчүлүк аймактарында электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

1) Саат 9:00дөн 17:00гө чейин - Логвиненко көчөсүндөгү № 24/1 үйүндө, Үмөталиев көчөсүндөгү №27 үйдө;

2) Саат 9:00дөн 18:00гө чейин - Арча-Бешик конушунда (Он-Арча, Садыбакасов, Сулуу-Төр, Сары-Булуң, Чатыр-Көл көчөлөрүндө);

3) Саат 9:30дан 14:00гө чейин - Панфилов, Бөкөнбаев, Чуйков көчөлөрүндө;

4) Саат 9:30дан 17:00гө чейин - Саманчин көчөсүндөгү №5 турак үйдө;

5) Саат 9:30дан 18:00гө чейин - Тимур Фрунзе, Гагарин, Киев, Логвиненко, Тоголок Молдо, Талды-Суу, Ала-Бука, Эгинчиев, Буурдинск, Кайназарова көчөлөрүндө, Чүй кең көчөсүндө, "Маданият" конушунда (110 квартал), Темиров кууш көчөсүндө;

6) Саат 9:30дан 19:00гө чейин - 4-кичи райондогу №1-8, 4а, 6а, 6б үйлөрүндө;

7) 9:30дан 19:00гө чейин - Чоң Чүй каналын бойлой Лермонтов көчөсүнөн Веселый көчөсүнө чейин;

8) Саат 9:40тан 17:00гө чейин - Кишинев, Удмуртск, Лермонтов, Көлбаев көчөлөрүндө;

9) Саат 10:00дөн 17:00гө чейин - Чүй кең көчөсү, Древесной, Осмонкул, Курманжан датка, Кирпичный көчөлөрүндө, Жданов кууш көчөсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан