10-мартта Кыргыз футболдук союзунун президенти Канатбек Маматов Балдар футбол лигасынын экс-президенти Руслан Шаршенбай уулуна Кыргыз Республикасындагы балдар-жеткинчек футболун өнүктүрүүгө өз салымын кошкондугун жана көп жылдар бою футбол үчүн эмгек кылганын белгилеп, ыраазычылык катын тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Балдар футбол лигасы (КР БФЛ) – Кыргыз өлкөсүндөгү балдар-өспүрүмдөр спорттук мекемелердин бирикмелери арасында өлкөдөгү футбол боюнча мелдештерди уюштуруу жана өткөрүү иштерин жасаган балдар-өспүрүмдөр спорттук мекемелердин бирикмеси.