Үйлөнгөнгө дагы үлгүргөн. Алдамчылык боюнча эл аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаран Бишкектен кармалды

ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери издөөдө жүргөн Болгариянын жаранын кармашты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-март күнү ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросу Бишкек ШИИББинин кызматкерлери ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, 1970-жылы туулган К.Г. аттуу жаранды кармашкан.

Кармалган адам Болгариянын жараны. Өз өлкөсүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү каржы алдамчылыгы, салыкты төлөөдө качып, укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн. Алынган маалымат боюнча, кылмыш иши 2010-жылы жасалган.

Бирок укук коргоо органдары 2018-жылы ага издөө жарыялашкан. Азыркы учурда эл аралык издөөгө алган тарапка маалымат кабарланды. Маалым болгондой, кармалган жаран Бишкекке 2018-жылы келип, тергөөдөн жашырынып жүргөн жана жергиликтүү тургунга үйлөнүүгө дагы үлгүргөн.

Учурда аны экстрадициялоо маселеси каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mister-XXX
2021-03-11 16:58:10
Биздин кыздарга баары бир го.Кылмышкерби,алдамчыбы тие беришет го.
Кыргыз жигиттерин жаман деп,чет элдиктерди жакшы көрүшөт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан