2016-жылы Москвада бала багуучу болуп иштеп жүрүп, өзү караган төрт жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүрүүгө айыпталган Гүлчехра Бобокулова бошотулушу мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Өзбек жараны "акыл-эси жайында эмес" деп табылгандан кийин Казандагы атайын психиатриялык ооруканага дарыланууга жиберилген. Дарыгерлер интенсивдүү терапиядан кийин Бобокулованын ден соолугу кыйла жакшыргандыгын билдиришкен. Укуктук ченемдик жол-жобого ылайык, ал көзөмөлгө алынып, мажбур түрдө дарыланып турат. Ооруканадан чыккандан кийин Гүлчехра Бобокулова Өзбекстанга депортацияланат.
Эске салсак, 2016-жылы 29-февралда Москвадагы “Октябрьское Поле” метростанциясынын жанында баланын кесилген башын көтөрүп жүргөн аял кармалган. Кийин ал өзбекстандык Гүлчехра Бобокулова экени белгилүү болгон. Март айынын башында Бобокуловага адам өлтүрүү боюнча айып тагылган. Тергөөдө шектүү аял бала багуучу болуп иштеген үйдөгү төрт жашар кызды мыкаачылык менен өлтүргөнү айтылган. Бобокулова психология-психиатриялык комплекстүү экспертизадан өткөрүлүп, анын психикалык дарты бар экени аныкталган. Өзбекстандагы жашаган айылдын аймактык милиция кызматкери Гүлчехра Бобокуловага "шизофрения" диагнозу коюлуп, психоневрологиялык диспансерде дарыланганын айтышкан.