Бишкектеги үйлөрдүн биринен киши колдуу болгон эркек кишинин жансыз денеси табылды. Шектүү кармалды

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери киши өлтүрүүгө шектүү адамды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 10-март күнү болжол менен саат 07:08 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде кишинин жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке барган кызматкерлер 1979-жылы туулган Т.Д. аттуу жаран киши колдуу каза болгонун аныкташкан.

Ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде, шектүү катары 1967-жылы туулган Б.О. аттуу адам кармалып, Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан