Биз социалдык тармакта

Кыргыз Эл артисти Геннадий Базаров ооруканага түшүп, жандандыруу бөлүмүндө жатат

Кинорежиссёр, сценарист, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Геннадий Базаров ооруканада жатат. Ал кайра жандандыруу бөлүмүндө жатканын коомдук ишмер Ассоль Молдокматова айтып чыкты.

"Устатым жандандыруу бөлүмүнө түшүп калыптыр. Дарыгерлер анын айыгып кетиши үчүн бардык аракеттерди көрүп жатышат. Устатымдын сакайып кетишин дуба кылам жана сиздерден дагы суранам", - деген ал билдирүүсүндө.

Азырынча Саламаттыкты сактоо министрлиги режиссёрдун абалы тууралуу маалымат бере элек.

Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында туулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Baatirbek81
2021-03-11 14:42:48
79-80 жашка келип калган турбайбы сакайып кетсин!
+1
nazira...
2021-03-11 20:36:24
Ооба, билинбей жылдар өтө берет экен да. 80ге барып калган турбайбы, жакшы болуп чыгып кетсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан