Биз социалдык тармакта

Башка өлкөлөрдө иштеп, жашап жүргөн Кыргыз жарандары зарыл болгон маалымкатты аралыктан ала алышат

Чет өлкөлөрдө иштеп, жашап жүргөн Кыргыз жарандары аралыктан маалымкат алса болот. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Мындан ары башка өлкөлөрдөгү жарандар "Түндүк" электрондук системдин "Талап кылуу" автоматташтырылган маалымат тутуму аркылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан социалдык-укуктук мүнөздөгү документтерди алса болот. Тагыраагы салык карызы, пенсиясы, иштеген мезгилдери, үй-бүлөлүк абалы, соттолбогону, айдоочулук күбөлүгү жана билими тууралуу тиешелүү документтерин аныктап, тактап сурап алса болот.

Бул чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан