Биз социалдык тармакта

"Акылбек Жапаровго бөркүмдөй ишенем". Депутат Төрөкулов анын ордуна башка эл өкүлү добуш бергени боюнча комментарий берди

Депутат Дүйшөн Төрөкулов анын ордуна башка эл өкүлү добуш бергени боюнча комментарий берди.

"Мен депутат Акылбек Жапаровго ишеним кат бергем. Ошонун негизинде менин ордума добуш берди. Абактын кызматкерлери аркылуу кагаз түрүндө ишеним кат бергем. Сизге ишенем, сиздин чечимге ишенем деп ишеним кат бергем. Мен Акылбек Жапаровго бөркүмдөй ишенем", - деди ал.

Жогорку Кеңеште референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбооруна камактагы депутат Дүйшөн Төрөкулов добуш бергени талкуу жараткан. Добуш берүүдө Төрөкуловдун "макул" деп добуш бергенин көрүүгө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан