
Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 11-март күнү саат 09:33тө сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ак-Суу районунун Эңилчек айыл аймагынын Май-Сай айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.