Биз социалдык тармакта

Депутат өкмөт бүгүнкү күндө азык-түлүк коопсуздугу боюнча механизмди иштеп чыгарышы керектигин айтты

Депутат Өмүрбек Бакиров өкмөт бүгүнкү күндө азык-түлүк коопсуздугу боюнча механизмди иштеп чыгарышы керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Бүгүнкү күнү өкмөт мүчөлөрү иштебей жатат. Кандай чоң үмүт менен аларды бул жерде колдоп бердик эле. Алар эмне кылып жатышат? Азык-түлүк коопсуздугу коркунучтуу абалда турат. Күндөн-күнгө азык-түлүктөрдүн кымбатташы коомчулукту ойлондуруп жатат. Кыргыз өлкөсү 80 пайыздан жогору азык-түлүктү импорт кылат экенбиз. Өкмөт бүгүнкү күндө азык-түлүк коопсуздугу боюнча механизмди иштеп чыгарышы керек", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан