Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынына күтүүсүздөн келген депутат Дүйшөн Төрөкуловдун баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнү боюнча Биринчи Май райондук соту маалымат таратты.
"Биринчи Май райондук сотунун 10-мартындагы токтомуна ылайык, шектүү Дүйшөн Төрөкуловго карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы үй камагына өзгөртүлдү.
Андан сырткары үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы ушул жылдын 15-майына чейин узартылды", - деп жазылат маалыматта.
Төрөкулов 15-январь күнү УКМК тарабынан Ош шаарында кармалган. Ал "Душка" каймана аты менен белгилүү. Төрөкулов Оштогу заводдордун бирин коррупциялык жана рейдерлик жол менен басып алган деген шек менен кармалган.