О! Мобилдик оператору социалдык тарифтерди сунуштоо практикасын улантууда.
Мобилдик байланыш үчүн жеткиликтүү жана жѳнѳкѳй чечимдерди издештирген мугалимдерге, мектеп окуучуларына жана студенттерге колдоо кѳрсѳтүү үчүн О! түйүнүндѳ атайын сунуштар бар.
«Мугалим», «Окуучу» жана «Переходи на О! Студент Онлайн» тарифтик пландары кадимки траифтерден кыйла пайдалуу. Алардын ар бири ѳз аудиториясына багытталып, түрдүү «фишкаларды» камтыйт. Бирок баарынын жалпы ѳзгѳчѳлүгү – аларда окуу жана окутуу үчүн гана эмес, баарлашуу үчүн дагы зарыл болгон бардык нерсе бар:
Керектүү тарифти «Мой О!» тиркемесинен онлайн-каттоодон ѳтүү аркылуу кошуп алууга болот. Тиркемени кѳчүрүп, «Тарифтер» менюсуна кириӊиз жана «Окуу үчүн» категориясын таап, атайы форманы толтуруӊуз. Тариф ѳтүнмѳӊүз каралып чыккандан кийин, катталуу ишке ашырылган телефон номерине бир күндүн ичинде автоматтык түрдѳ кошулат. Ошондой эле бардык O!Store сатуу жана тейлѳѳ кеӊселеринде дагы тарифти кошууга болот: мугалимдердин жанында паспорту, студенттерде – студенттик билети, ал эми окуучуларда – туулгандыгы жѳнүндѳ күбѳлүк болууга тийиш.