Биз социалдык тармакта

Алай районуна 7 даана майыптар коляскасы берилди

Ош облусунун Алай районуна мамлекеттин эсебинен 7 даана майыптар коляскасы берилди. Бул тууралуу Алай райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Алай райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан райондогу каттоодо турган ДЦП, тубаса майып жана мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки жаш балдарга мамлекеттин эсебинен 7 даана майыптар коляскалары алып келинди.

"Аталган коляскаларды комиссиянын корутундусуна ылайык, медициналык маалымкатынын жана бою, салмагынын негизинде каттоодо турган социалдык абалына карап берилди. Мындан кийинки коляскалар 18 жаштан өткөн мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга келери күтүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
prorab
2021-03-11 14:39:19
Канча сом экен бул, Улугбек кочкоровду жамандап жатышат эле го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан