Бишкекте "чачтарачканадан 25 миң сомдук жабдык уурдаган" деп шектелип бир аял кармалды
"Бишкектин Чүй - Павлов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан чачтарачканадан 25 миң сомдук жабдыктарды уурдаган" деп шектелип бир аял кармалды. Шектүү аял Бишкек шаарынын 38 жаштагы тургуну Д.Н. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Окуя боюнча арыз түшкөндөн кийин Ленин РИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан чара көрүлүп, шектүү жаран көп өтпөй колго түшкөнү белгилүү болду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.