Криштиану Роналду "Ювентус" клубунан кетиши мүмкүн

Учурдагы футболдук сезондун аягында португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду италиялык "Ювентус" клубунан кетиши мүмкүн. Бул тууралуу италиялык журналист Николо Скирага шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, футболчунун туриндик командасы менен келишими 2022-жылга чейин иштейт. Ага ылайык, чабуулчунун айлыгы жылына 31 миллион еврону түзөт.

"Бул өтө эле жогору жана клуб Роналдуну жайында сатууну ойлонуп жатат" деп жазган Скира.

Бул жагдайды мурунку англиялык футболчу Дэвид Бекхэмге таандык "Интер Майами" клубу пайдаланууну көздөп жатат, айрыкча "ПСЖ" менен "Манчестер Сити" Роналду үчүн күрөшүү ниети жөнүндө маалыматтарды берди.

Белгилей кетсек, португалиялык футболчу италиялык "Ювентус" футболдук клубуна 2018-жылы өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Real98
2021-03-12 10:32:20
Мадрид сатып алса кубанмакмын... Бирок рон Мадрид үчүн жалко,андан көрө холанд,мбаппени сатып алса келечектүү.
+1
jigit.paren
2021-03-12 12:08:19
ПСЖ же Ситиге барып Месси да барып экөө бир клубда ойносо мыкты болмок негизи экөөнү бир клубда ойногонун көргүм келет
+3
Almaz-pazilbaiuulu
2021-03-12 13:00:03
Месси экөө жаман эркеледи да
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан