Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаровду Ташкент аэропортунан Өзбекстандын премьер-министри тосуп алды

Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти

"Ислам Каримов атындагы эл аралык "Ташкент" аэропортунан мамлекет башчысын Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

Ташкент эл аралык аэропортунун флагштокторуна Кыргыз өлкөсүнүн жана Өзбекстандын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлдү жана ардактуу кароолдун ротасы тизилди", - деп жазылат малыматта.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары менен жөнөп кеткен. Иш сапардын алкагында, өлкө башчы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Samash-87
2021-03-11 16:09:58
Баягы эле галстук го
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан