Ош облусунун Кара-Суу районунда массалык уулануу болуп, анын кесепетинен 2 аял каза болду. Дагы 11 адам ооруканада дарыланып жатканы акимчилик тарабынан белгилүү болгон.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен бүгүн, 11-март саат 14:30га карата бейтаптардын абалы тууралуу маалымат таратты.
"Жалпысынан Ош облустук ооруканасына 13 жаран кайрылып, анын ичинен 50 жана 58 жаштагы аялдар каза болушкан.
Учурда 1 бейтап Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. Дарыгерлер бейтаптын абалын өтө оор деп баалашууда. Ал эми калган 10 бейтап Кара-Суу аймактык ооруканасында жатат. Абалдары туруктуу оор. Баары тиешелүү дарылануудан өтүүдө.
Мындан тышкары юбилейге барган 15 киши жашаган аймагы боюнча дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Уулануу боюнча эпидемиологиялык териштирүү иштери улантылууда", - деп билдиришти.
Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги уулануу туулган күндүк кечеден кийин болгонун, бейтаптар алгач өз алдынча дарыланганын кабарлаган.