Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган күндүк кечеден кийин уулануудан 2 аял каза болгону маалымдалган. Ошондой эле 11 жаран ооруканада жатканы белгилүү болгон. Бул окуя боюнча Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымат таратышты.
"Билдирүүгө ылайык, 10-март күнү болжол менен саат 22:45 чамасында Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл аймагынын 50 жаштагы жашоочусу батулизм оорусунан улам Нариман аймактык ооруканасында каза болгондугун Нариман аймактык милиция бөлүмүнө маалымдаган.
Аталган маалыматты текшерген учурда каза болгон аял жолдошу окуя тууралуу эч кимге эч кандай дооматтары жок экендигин билдиришип, арыз жазуудан жана жансыз дененин соттук-медициналык экспертизасына берүүдөн баш тартышкан. Аталган окуя боюнча берилген маалымат Кара-Суу РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.
Каза болгон аял 1970-жылы туулган Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылынын тургуну. Үй-бүлөлүү, бир кыз, бир уулдун энеси. Каза болгон аялдар бир жерде тамак жешкен жана бири Кара-Суу ооруканасына барса, экинчиси Ош шаарына кайрылган", - деп жазылат маалыматта.