Социалдык тармактарда "Мадина" базарынын жанындагы бактардын кыйылып жаткан сүрөтүн жарыялап, интернет колдонуучулары эмнеге кыйып жатышат деп суроо салышкан. Бул боюнча "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасына байланышканыбызда, төмөндөгүлөрдү билдиришти.
"Изилдөө жүргүзүлгөндө ал жердеги бактар авариялык абалга келгени аныкталган. Ошондуктан кыйылды", - дешти "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынан.