УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевдин иши боюнча журналист Канат Каниметов УКМКга суракка чакыртылды. Бул боюнча журналист социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, ал бүгүн, 11-март күнү саат 15:00 чамасында суракка кирет.
25-январда Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасынын сотко чейинки өндүрүштүк иштеринин жүрүшүндө Абдил Сегизбаев Кой-Таш айылындагы жер тилкелери жана Белизгейт иши боюнча кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.