Ош шаарында быйыл кыш мезгилинде газ туруктуу берилген жок. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Садиков билдирди.
"Катуу суукта эл аябай кыйналды. Бир күн газ берип, эки күн өчүрүп, ушундай абал болду. Газды өчүрүү мезгилинде атайын маалымат каражаттары аркылуу кабар берилиши керек да. Макул газ кымбаттады, бирок туруктуу берилип, элди тейлеш керек да", - дейт депутат.